Сириядагы кыргызстандыктардын арасынан Кыргызстанга кайтууну көздөгөндөр бар. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, учурда Афганистан менен чектешкен Өзбекстан менен Тажикстанда кырдаал жөнөкөй эмес. Ошондуктан, бул жаатта ойлоно турган иштер бар.
"Тажикстан менен Өзбекстан туш болгон кырдаалдан улам Афганистандан качкан качкындардын баары биздин өлкөгө келиши мүмкүн. УКМК окуянын мындай өңүт алышына даяр", - деди ал.