Жогорку Кеңештин 3-кабатындагы депутаттардын биринин иш бөлмөсүнүн жанына белгисиз бирөө заңдап кетти. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналына жазды. 

"Мыйзам чыгаруучулар мыйзам долбоорун талкуулап, суроо-жооп уюштургуча, Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин бири өлкөдөгү хаостон чарчадыбы же бийликке болгон ич күптүсүн чыгардыбы же жөн эле ичи ооруганына чыдабай калдыбы, айтор, 3-кабаттагы депутаттардын биринин кабинетинин жанына өз аргументин экскремент катары калтырыптыр. Жытынан адам тура албайт. Жоопкерчиликсиздик кейитет", - деп жазды Бекешев.