Депутат Абдывахап Нурбаев коронавируска байланыштуу акыбалдын татаалдашып кеткенине Министрлер кабинетин күнөөлөдү.
- Күнүнө илдеттен 5-6 адам каза болуп жатат. А Министрлер кабинети уктап отурат эч нерсе болбогонсуп. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү калкынын 70-80 пайызын эмдөөдөн өткөрүп алды. А биздикилер уктап отурушат. Азыркы адам өлүмдөрүнө ушулар күнөөлүү. Булардын отурганга акысы жок, элден ыйлап кечирим сурап: "Айланайын, эл, убагында вакцинация кыла албаганыбыздан улам ушундай кырдаал жаралды", - деп туруп кетип калышы керек. Кытай берген вакцинаны да алып келише албады. Бир айдан бери. Кантип булар элдин эсебинен айлык алып, элдин эсебинен балдарына нан алып, багып атышат? Мына, азыр күн сайын ооругандардын саны 2000ге чукулдап баратат. Былтыркыдан да жаман абал пайда болду. Ким жооп берет буга? Саламаттыкты сактоо министриби, Министрлер кабинетинин башчысыбы? Алардан дайын жок, - деди депутат.