Талант Мамытовдун акыбалы оордошкондуктан стационардан дарылана баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, буга чейин спикер изоляцияда болгон жана акыбалы оордогондуктан 28-июндан баштап КР президентинин алдындагы иш Башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарылана баштады. Учурда акыбалы туруктуу. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин 12 кызматкеринин коронавирус аныкталган, анын катарында спикер да бар. Илдеттин мындан ары тарашына жол бербөө максатында 36 кызматкери аралыктан иштөө режимине өтүштү.