Буга чейин УКМК тарабынан “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталып, ондогон кыймылсыз мүлктѳрү, кымбат баалуу авто унаалары, Ысык-Кѳлдүн  жээгинде эс алуучу жайлары бар экендигин аныкталган ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн. сом которуп берди.

Анын мамлекетке келтирген зыяны 50 млн. сом деп табылган. Калган 30 млн. сомду жакынкы убакытта которуп берери маалым болду.

Бул депутаттын экс-президенттин кудасы экендигинен пайдаланып, ар кандай мыйзамсыз, кылмыштуу иштерге катышкан деген шек менен кылмыш иши козголуп, сот жоопкерчилигинен кутулуу үчүн мамлекетке кайтарып берген кербези. Бирок А.Абжалиевдин иши муну менен бүтпѳй тургандыгын УКМК кабарлады.

Коомчулукта анын уулун жол кырсыгына себепкер болуп, 4 адамдын ѳлүмүнѳ күнѳѳлүү болгону үчүн жоопко тартуу маселеси да кѳтѳрүлүүдѳ.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити