Коомчулук Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри кандай адам экендигин таптакыр түшүнбөй калды. Ал жаз алдында “мен мынча миллиард сом таптым, үй-бүлөлүк медиктердин айлыктары көтөрүлөт” деп жар салган. Министрдин анча каражат тапканга таптакыр мүмкүнчүлүгү жоктугун бала деле билет, акчаны өкмөт, каржы министрлиги табат. Антип ооз толтуруп өкмөт башчысы деле сүйлөй албайт. Эгерде ушунча эле тапкыч болсо, азыр пандемияга каршы күрөшкөнгө, элдин айрым социалдык абалдары оор катмарын колдогонго гранттарды, жардамдарды, жеңилдетилген кредиттерди тартпайбы! Былтыркылар бул максатта жалпы суммасы 480 миллион долларлык каражат табышкан. Азыркы өкмөт менен аталган министрлик бул жаатта кыймылдабай, “өлгөнүңөрдөн калганыңар” деген маанайда кол куушуруп эле отурушат.
 

Акыбалын билбей ооз толтура сүйлөгөндө эле элдин көпчүлүгү Алымкадыр мырзанын адекваттуулуган шектене башташкан. Анан пандемияга каршы вакцинациялоо башталганда Кыргызстанда эң биринчилерден болуп вакцина алган. Ошондо медайым шприцти далысына жакындатканда кыздай кыңшылап, кылыктанып жатып ийне сайдырганын кыргызстандыктардын баары кара жашиктерден көрүшкөн. Эми медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамынын алдында “айдоочум экөөбүз ковид болуп калыптырбыз, мен башкаларга жугузбоо үчүн кабинетте камалып отурам” деп чыкты. Эгерде вакцина алган министр өзү ковид болуп жатса, калган вакцина алган жөнөкөй адамдардын абалдары кандай болот? Ким деле болбосун “вакцина алган министр өзү ооруп жатса, андай вакцинациялоонун кереги барбы?”- деп ойлошу турган иш. Алымкадыр Бейшеналиев бир эмес, эки ирет ковидке чалдыкса деле ал дартты жуктуруп алгандыгын жарыя кылбашы керек эле. Анын сөздөрү антивакцинациялык эң чоң, эң таасирдүү үгүт болду. Биринчи-вице-премьер министр А.Жапаров дегени “вакцина албагандарга айлыктарын бердирбеш керек” деп дөөдүрөдү. Айланайындар, вакцина ала турган улгайгандардын басымдуу көпчүлүгү пенсионерлер болсо, каяктагы айлык? Андан көрө  “господин 10 пайыз “пенсияларын бердирбеш керек” дебейби. Бирок, адамдар 40-50 жылдап эзилип иштеп чыккан пенсиясын бердирбегенге кимдин укугу бар? Сүйлөйт десе эле оозго келгендерди балпылдата беришеби! Ушундай тилдеринен башка эч нерселери жок “оригиналдар” элди кыйнап   жатышат. Президент уюштуруу чараларын көрбөсө, мындан ары да кыйнашат.

А.Бейшеналиевдин эң эле жумшак айтканда, экстраординардуу сөздөрү, жоруктары элди жадатып, бийликтин кадырына гана сокку болууда. Бир туруп доктордук диссертация жактаганын айтып мактана кетет, бир туруп жогорку мамлекеттик чиновниктин этикасына ылайык келбеген сөздөрдү балп эткизет. Азыр таш ыргытсаң доктордун же профессордун, болбоду дегенде кандидаттын башына тийе турган заманда доктор-покторду айтып мактангандын зарылчылыгы барбы? Советтик мезгилде Кыргызстан боюнча илимдин 30-40 доктору болсо, азыр айрым ири окуу жайлардын бир факультетинен ошончо доктор чыгат. Алардын кантип жакталып жаткандыгы деле белгилүү. А.Бейшеналиев докторлугуна мактангандан көрө, кандай конкреттүү иштерди аткаргандыгын айтса, туура болмок.

Ал эми ишин болсо, көрүп жатасыздар, пандемияга чалдыккандардын сандары былтыркы “кара июлга” жакындап калды. Айрым эксперттердин пикирлери боюнча, июлда былтыркынын деңгээлинен да өтүп кеткени турат. Анын алдын ала турган министрибиз  болсо, өзү ковидке чалдыгып, кабинеттен чыкпай жаткандыгын айтууда. Мындай трагикомик министрдин кимге кереги бар? Андан көрө Өкмөт “бир кафедрада балакайлардын баштарын айландырып жүрө бер”  деп оргу-баргы министрди тезирээк  пенсиясына айдап, анын ордуна вирусология боюнча билимдүү  адистерден дайындабайбы? Же өткөн жылдагы “кара июлдун” кайталанышын күтүп отурушабы?

Өткөн жылы пандемия мындай абалга жакындаганда социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министрден, Саламаттыкты сактоо министринен тартып, көптөгөн чиновниктер кызматтарынан алынып, чукул чаралар көрүлгөн. Быйыл болсо баары жымжырт. Кыргызстандыктар трагикомик министрдин жоруктарына баш чайкап, жакаларын кармана, кудайдан эле бир жакшылык болбосо, “булардан эч нерсе чыкпайт окшойт”- деп ичтерине заар толуп олтурушат.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити