18-июнда “Коопсуз шаар” долбоорунун тендерин өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган “Коопсуз шаар” системасынын алкагында айдоочулардын 7 миң сом айып пулу кечирилгенин билдирди.

“Кийинки жыйынга штрафтар эмненин негизинде кечирилгенин, ал адамдар ким экени тууралуу маалымат даярдап келүүнү суранам. Жөнөкөй эл төлөп жатат, чиновниктер төлөшпөйт. Андай болбошу керек. Ким укук берген (штрафтарды кечирүүгө)?”- деди ал. Мындан мурда ал чиновниктердин катарында экс-вице-премьер-министр Ж.Разаков бар экендиги айтылган. Депутат айыптарды чийип салган адамдардын дагы жоокерчилиги каралышы зарыл экенин кошумчалады.

Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети жана ЖКККББ “Коопсуз шаар” ишке киргизилгенден кийин Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кырсыктары жана коомдук жайлардагы кылмыш фактылары “бир кыйла азайганын” бир нече жолу айтышкан.

Алардын маалыматына ылайык, Бишкекте программалык-аппараттык комлекстер орнотулган жерлерде кырсыктардын саны 72,2%га, ал эми Чүй облусунда эки эсе азайган.

Жол кыймыл эрежелерин бузууну каттаган жана аны алдын алган “Коопсуз шаар” системасы толук кандуу 2019-жылдын 4-мартынан тартып иштей баштаган. Ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык мааниге ээ авто жолдордо автоунаа кыймылдарын күнү-түнү каттап жана кылмыштардын бетин ачууга багытталган.

Ал эми кесиптешибиз, журналист Улукбек Карыбек уулу көчмө “Үч буттардын” (Трёхножка) мыйзамсыз орнотулуп (жердин ижара акысы төлөнбөй жана бул боюнча келишим түзүлбөй), мындан тышкары өздөрү жол чийиндери чийилбеген жол боюна туруп алышып, мамлекеттин пайдасына эмес, тиешелүү чиновниктердин сол чөнтөгү үчүн гана “шабашка” жасаган мыйзамсыз иштерин ашкерелеп, сот тарабынан “Вега” компаниясын утуп алды. Эми ал компания соттун чечимине ылайык, “Үч буттар” тарабынан салынган айыптарды айдоочуларга кайтарып берүүсү керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити