Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти жана катарлык дарыгерлер жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалымат боюнча, 24-28-июнь күндөрү катарлык дарыгерлер менен кыргызстандык адистер биргеликте угуу мүмкүнчүлүгүнөн жабыркаган 29 балага операция (кохлеарный имплантант) жасашат.
Элчи бул операцияга байланышкан бардык чыгымдар катар тараптан каржылана турганын айтты.
Катар өлкөсү кыргызстандык 150 балага кохлеардык имплант жасоого даяр. Ушул жылдын аягына чейин 50 балага операция жасалса, калган операция 2022-2023-жылдары ишке ашырылат. Зарыл учурда дагы 50 имплант менен камсыздоо маселеси каралат.
Булак: Баракелде.орг
