Тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрү боюнча кайын агасы келинин таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан кийин өзү асынып алган.

Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-июнда саат 06:30дар чамасында милиция бөлүмүнө Ат-Башы районунун 63 жаштагы И.Ы. аттуу тургуну "Дамбы" участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адам бакка муунуп калганын айтып кайрылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Ат-Башы районунун 50 жаштагы Е.К. аттуу эркек адамдын сөөгү бакта асынып турган абалда табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларынын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге маркумдун бир тууган иниси чакыртылган. Иниси 15-июнда болжол менен саат 12:00дөн бери анын 38 жаштагы К.Н. аттуу аялы дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, арыз жазган.

Ал аялдын сөөгү окуя болгон жерден батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыкта табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда сөөктө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити