Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын ноябрь айында, президенттик шайлоого эки ай калганда соцтармактарга Өзгөн районунда Садыр Жапаровдун пайдасына үгүт иштери белгиленген мөөнөттөн эрте башталганы тууралуу маалымат жарыяланган. Анда, аталган райондун Кароол айылынын кире беришинде президенттикке талапкердин сүрөтү жана “Таза коом. Карызы жок Кыргызстан” деген жазуу коштогон баннер илингени айтылган. Кийинчерээк, баннер аталган айылдын 1957-жылы туулган тургунуна таандык экени жана анын Садыр Жапаровдун шайлоо штабына тиешеси жоктугу маалым болгон. Бирок Садыр Жапаровдун жеке өтүнүчү менен БШК маалынан эрте үгүт ишин баштаган жаранга айып пул салган. Биз ал жаранды Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылында жайгашкан “Телтору” пансионатынан таптык.
-Сизди бул жерде иштейт деп айтышты, а өзүңүз Өзгөн районунда жашайт экенсиз. Кыргызстандын бир учунан экинчи учуна келип иштөө оор эмеспи?
-Иш болсо, Индияга деле барып иштей берем. Пансионатты карап, уюштуруу иштерин жолго салам. Буга чейин каралбай, начар акыбалга кептелген эки пансионатты жакшырткам. Бирок жакшы абалга келтирээрим менен менден алып коюшат.
-2020-жылдын ноябрь айында бир чуу салдыңыз эле Садыр Жапаровду колдогон баннер чыгарып. Ал эмнеден жаралды?
-5-ноябрда чыгаргам. Садыр Жапаров кыргыз элинин баарынан үмүтү үзүлүп калган кезде келди да. Бүтүндөй эл колдоду аны. Алардын ичинде мен да бармын. Жаңы эл башчы келди, эми мамлекетибизди өнүгүүгө алып барат, өзү да башынан кыйынчылыкты өткөргөн адам, кыйынчылыкты көргөн адам акыйкат болот деген ойдо баарыбыз толкундадык. Баннерди жасатуу боюнча айтсам, негизи көп аймактар өздөрүнүн чыгаан уул-кыздарынын сүрөтүн чыгарып коюшат го. Мен дагы Өзгөндөн чыккан сыймыктуулар деп Эмгек сиңирген артисттерибиз Эгемберди Талипов менен Эгемберди Чалабаевдин сүрөтүн илдирген болчумун. Кийин Айсулуу Тыныбекованын сүрөтүн илдирсемби деп ойлонуп жүргөм. Ал жалпы кыргыздын кызы да. Баарыбызды сыймыкка бөлөгөн. Анан эле өлкөдө саясий өзгөрүү болуп, Садыр Жапаров бийлик башына келип калды. Кытайдын карызынан кутулткан президент болот деген үмүт, ишеним менен “Таза коом. Карызы жок Кыргызстан” деп жаздырып, сүрөтүн чыгардым. Бул шайлоого карата үгүт жасоо деле эмес болчу. Карапайым элдин өкүлү болгон менин үмүтүм эле. Чынында, үгүт иштери тууралуу деле ойлонбоптурмун.
-Ага канча каражат кетти, аны да өзүңүз төлөдүңүзбү?
-Баш-аягы 80 миң сомдой сарпталды. Кеп акчада эмес. Элдин таламайга алганы жүрөгүмдү оорутту. Ушул кезге чейин эстесем жүрөгүм ооруйт. “Садыр сенин табагыңа аш салып береби?” – дегендер болду. Бул жерде жеке табак деген жок да, мамлекеттин табагына аш салган президент болсо, менин да утушум ошол эмеспи. Мен ал кишиге ишеним арттым, карапайым элдин тилегин билдиргим келди. Болгону ошол. Адахан Мадумаровдун тарапташтарынан да көп сөз уктум. Анан айып пул салышты. Аны төлөп бердим. Башында айткандай, акча маанилүү эмес. Ак ниет менен жасаган ишим үчүн көңүл оорутарлык сөздөрдү укканыма кейидим.
-Ошондон кийин азыркы бийликке болгон колдооңуз азайдыбы?
-Жок. Мен багытымдан тайбайм. Бир ишенсем аягына чейин турам. Азыр да Садыр Жапаровдун саясатын колдойм, кылган аракеттерин кубаттайм. Камчыбек Ташиевди да өтө урматтайм. Ал кишинин да эмгеги көп. Өзгөндө тополоң чыкканда келип, тикесинен тик турган. Андай эрдиктери элдин жүрөгүндө калды. Унутулбайт. Ушундай уулдарыбыз бар экен, кыргыз элинин ырыскысы бар. Келечекке болгон үмүт бийик.
-Алар менен жолугушкансызбы?
-Эч качан бет келишип, сүйлөшкөн эмесмин. Жакында эле президентке кайрылуу жолдогом, Өзгөн районундагы Кароол айылына мектеп салып берейин деп. Балдар үч смен менен окуп жатышат, 300дөн ашуун окуучуга ылайыкталган мектептен 900дөн ашуун окуучу билим алат. Мен смета түзүп, 5 миллион сомго бир мектеп курса болоорун көрсөттүм. Бизде андай мектепти 38 миллион сомго курушат. Анткени, жешет. Он сом берсе, 7 сомун “жеп”, 3 сомун салышат. Анан кантип сапаттуу, арзан мектеп болмок эле.