Ачыгын айталы, бизде кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, башканын башындагы бөөнү көрүп, элге акыл айтып, адилеттүүлүк, акыйкаттуулук, тазалык туурасында оозанган чиновниктер, саясатчылар көп.

Коррупциялык иштерге аралашып, мыйзамсыз иштерди кылып, оор кылмыштарды жасагандардын өздөрүн сүттөн аппак кылып көрсөтүүгө аракет жасаганда күйбөгөн жериң күл болот го, чиркин. «Мен Жараткандын алдында акмын, менин ак экеними Жараткан билет» деп Кудайды оозангандарычы…

Бизде аттуу-баштуулардын арасында жогорку билими тууралуу жасалма диплом менен элди, өлкөнү алдап жүргөндөр көп эле болду. УКМК дагы бир үлкөн саясатчынын диплому жасалма экенин аныктады. Кумтөр маселеси боюнча учурда абакта отурган ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун КУУдан алган диплому жасалма экендиги маалым болду. Муну окуу жайдан тастыкташты. Көрсө, Төрөбай Зулпукаров тарых факультетинде 3-курста окуп жатканда окуу акысын төлөбөй, окуудан чыгарып кеткен экен. Бирок ал ага карабай жасалма дипломду алып, аны менен ОшМУнун юридика факультетин аяктаган. Ал эми анын КУУдан алган дипломундагы номерде башка адамга берилген диплом катталган.

Эл өкүлү жасалма диплому менен бир канча жолу депутат болуп шайланды, вице-спикер болду, мамбюджеттен очойгон маяналарды алып келди. Эми мыйзамга ылайык, өлкөгө келтирген зыяндарынын орду толтурулуп, алган акчаларынын баарын кайтарып бериши керек. Жасалма диплом менен жүргөндөр Зулпукаров менен бүтпөй тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Ондоп, жүздөп саналарында шек жок. Андыктан  мамлекеттик кызматта иштеп аткандардын баарынын дипломдорунун  жасалма эместиги текшерүүдөн өткөрүлсө,  ашыкча болмок эмес.

Булак: “Майдан. kg” гезити