Бир гана Кыргызстандын түштүгү менен түштүгүнө каттаган жүргүнчүлөр эмес, оор жүк ташуучу унаалар, анын ичинде Кытай, Россия, Казакстандан биздин аймагыбыз аркылуу  келаткан транзиттик жүктөр Төө-Ашуунун таманындагы “Сосновка” бекети аркылуу текшерилик өтөрү белгилүү. Бул жерден жеңил унаалардын ар бири 60 сомдон төлөсө, оор жүк ташыган машиналар товардын салмагына жараша төлөшөт. 2020-жылы Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам «масштабдуу коррупциялык схемага» шек саналып кармалган. Алар «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн. сом зыян келгени кабарланган.

Бирок транспорт жана жолдор министрлигине караштуу тараза көзөмөлүнүн кызматкерлери “шабашка” жасашары жалпы коомчулукка белгилүү болбосо да, айдоочулар беш колундай билишет. Демек, ал жерде нөөмөттө отурган кызматкер бир эле машинаны каттоого албай же нормадан ашыкча жүгүн тууралап жазып бергендиги үчүн сол чөнтөгүнө бир нече миң сом заматта түшүп калат. Бирок анын артында министрликтин тиешелүү жетекчилери, ал тургай Ак үй, Көк үйгө чейинки таасирдүү адамдар тургандыктан, бул мамлекеттин казынасынан буйтап өткөн акчалар ачыкка чыкпай, кыңыр иш жашырылып келген.

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кара-Балтадагы “Жунда” заводунун иши менен таанышып кайткан соң адатынча айтпай эле аттын башын Сосновка тарапка буруп, камера, калем, сап менен “куралданган” журналисттердин коштоосунда аталган бекетти “баса калды”. Ошентип өкмөт башчы өзү күбө болгондой,  эртең мененки саат 8де аталган бекет аркылуу 29 автомашина өткөн болсо, 17си гана каттоого алынганы аныкталды.

“Тараза көзөмөл тутуму иштебейт. Биз транспорт каражаттарынын кыймылынын ачыктыгын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пункттарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук иш алып барышына жетишүүбүз керек», - деди Марипов ачууланган абалда.

Булак: “Майдан. kg” гезити