Өткөн жумада УКМК тарабынан жаш экендигине (39 жашта) карабай укмуш мыйзамсыз жолдор менен байыган дагы бир бажычыны кармап, эки айга камады. Ал “легендарлуу” бажычы Райымбек Матраимовдун шакирти жана Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматов деген болуп саналат.

УКМКнын маалыматына ылайык, бажычы мыйзамсыз тапкан кирешелерин адалдоо үчүн 4,5 млн долларга 30 элиталык батир жана 1 млн долларга 10дон ашуун унаа алган.

Атайын кызмат бажычы өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турганын билдирген.

Ошондой эле Айтмаматовдун үч эжеси жана апасына кеминде 2,5 млн долларлык мүлк катталгандыгы белгилүү болду.  

Ал эми Айтмаматовдун жубайы Чынара Матанова «НТС трейд» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп көрсөтүлгөн. Бажычы жети баланын атасы, алардын экөөсү — 20 жаштагы Нуржигит жана 18 жаштагы Айдар АКШдагы окуу жайлардын биринде билим алышат.

39 жаштагы Айтмаматов бажыдагы карьерасын 2002-жылы Оштогу «Кара-Мык» постунда баштаган. Кийинчерээк ал Оштогу «Достук», «Ынтымак» жана «Иркештам» бажы бекеттеринде да инспектор болуп жүргөн.

Ошондой эле, ал 2015-жылы Жалал-Абадда, 2019-жылы Нарындагы бажы башкармалыктарында иштеген. Ал эми 2020-жылы ал бажы кызматынын ички иликтөө жана коррупцияга каршы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Айтор, акчаны сыйкырдуу жолдор менен тапкан колдогон кожоң Р.Матраимов болгон соң, жаш экендигине карабай эсепсиз байлыкка ээ болуу кеп эмес турбайбы.

Булак: “Майдан. kg” гезити