Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс сотко чейинки өндүрүш ишине байланыштуу Кыргызстандан чыгарылбайт. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, эгер ал чек арадан өтүүгө аракет кылса, анда УКМКнын чек ара кызматы тарабынан кармалат.
Көзөмөл органдан БААУнун президентине 3-июнда үч берене боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу маалым кат берилген деп билдиришти. Алар «Баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо», «Кыргызстандын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы» жана «Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо».
Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө, 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кылмыш иши кароого жөнөтүлгөн. Сотко келүүгө милдеттендирилген үчүн Эндрю Качинске Кыргызстандын аймагынан чыгууга чектөө коюлган. Анын шектүү катары статусу бар болгондуктан соттун уруксат кагазы жок өлкөдөн чыгууга укугу жок.
Мындан сырткары, Качинстин жашаган үйүн тинтүү учурунда алынган таблеткалар менен капсулаларга дайындалган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгы кошумчаланды. Ага ылайык, табылган заттардын психотроптук заттарга тиешеси жок экендиги аныкталган. Ошондой эле, дарылар менен кошо 0,181 гр өлчөмүндөгү «гашиш» маңзаты табылгандыгы кабарланды.
7-июнда Эндрю Качинс кызматтан кеткендигин кабарлаган болчу. Ошол эле учурда ал АКШга кетүү чечимин үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлгүсү келгени менен түшүндүргөн. Бирок Качинс «күтүүсүз жана күмөндүү юридикалык жагдай» аны ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз кылганын белгилеген.
Булак: “Майдан. kg” гезити