Бүгүнкү күндө бир гана күйүүчү-майлардын кымбаттыгынан эмес, экологиянын түтүн менен ышка булгануусунан улам да дүйнө жүзү, айрыкча цивилизациялуу өлкөлөр элетросамокаттан тартып, электробуска чейинки техниканын түрлөрүн колдонушуп, коомдук транспорттун негизги түрүнө айланууда.

Ал эми жакында биздин борбор калаанын кичи автобустарынын айдоочулары күйүүчү май жана тетиктердин кымбаттыгын шылтоолоп, жол кирени 10 сомдон түз эле 20 сомго чейин көтөрүү талабына коюп, бир жума ишке чыкпай койгондугун эске алганда, биз үчүн коомдук транспорттун бул түрү эки эсе керек болууда.

Эгер эсиңиздерде болсо, эски бийликтин, С. Жээнбековдун тушунда кайсы бир жеке ишкер Ош шаарында электробус чыгарам деп, ага президент өзү барып, лентасын кесип, укмуш сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы бул жөн гана “показуха” болгон окшойт. Анткени ошол бийлик менен кошо ал заводдун иши токтоп, сөз да болбой калган.

Ал эми ушул жумада өлкөбүздүн аймагында ата мекендик электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоо пландаштырылып жаткандыгы белгилүү болду.

Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов  Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу учурунда маалым болду.

“Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда. Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады”, - деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Эгер Чүйдөгү бул элетробустарды чыгара турган завод чындап эле иштеп, борбор калаабыздын коомдук транспорту үчүн жапыс жана ыңгайлуу автобустарды чыгара турган болсо, анда бир гана мектеп окуучуларынан тартып, пенсионерлерге чейинки шаардыктардын көкөтөн тилегени жерден табылгандай сүйүнүшүп, өлкөбүздүн экологиясы менен экономикасына да чоң салым кошулмак.

Булак: “Майдан. kg” гезити