"Жол кырсыгынын көбөйүшү биринчи кезекте көптөгөн айдоочулардын айдоочулук күбөлүктү мыйзамдуу жол менен эмес, коррупциялык схема менен алгандыгынын кесепети деп ойлойм. Ошондуктан, жол кырсыгын азайтыш үчүн көзөмөлдү күчөтүп, автоматтык көзөмөл системасын киргизүү зарыл. Керек болсо, бардык айдоочуларды кайрадан сынак тапшыртыш да ашыкча кылбайт. Жол коопсуздугунун коркунучка кабылганы айдоочулардын айдоо сапатынын төмөндүгүнүн белгиси", - деди эксперт Марс Сариев. 

Эске салсак, бүгүн мамлекет башчы Садыр Жапаров  адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

"Садыр Жапаровдун жол-транспорттук кырсыктардын алдын алуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү күчөтүүнү ИИМге тапшырганы өтө туура болду. Бул учурдун олуттуу маселеси эле. Айдоочуларга жоопкерчиликти катаалдатуу менен бирге жөө жүргүнчүлөрдү да жолду кесип өтүүдөгү эрежени сактоого чакырышыбыз керек. Азыр чоң жолдор оңдоп-түзөөдөн кийин абдан сапаттуу болуп калды, ошондуктан айдоочулар катуу ылдамдыкка кетип баратканын байкабай калышат. Ошондой жолдордо, мисалы Бишкек-Ош жолунда кырсык көп катталат. Көпчүлүк айдоочулар айдоочулук күбөлүгү болсо да тажрыйбасы жоктугунан ушундай көрүнүш жаралууда. Аны токтотууга тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Алдыда жайкы эс алуу күндөрү келе жатат, эмгек өргүүгө чыккандар, эс алууга баргандар көбөйүп, жол кырсыктарынын саны да өссө керек. Айрыкча, Бишкек - Ысык-Көл, Бишкек-Ош жолдорунда. Ошондуктан, бардык коопсуздук системаларын кайра карап, көзөмөлдү күчөтүү зарыл", - деди Сариев.