Кыргызстандын унаа жолдорунда жарыяланбаган согуш жүрүүдө. Мындай пикирин эксперт Денис Бердаков билдирди.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирип, тийиштүү чараларды көрүүгө ИИМге тапшырма берди.
Денис Бердаковдун айтымында, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча башкы башкармалыктын ишинин көрсөткүчү топтолгон айыппулдун суммасы эмес, жолдордогу кырсыктын азайышы болушу керек.
"Садыр Жапаровдун демилгесин башка да чаралар коштошу керек. Мисалы, жол кырсыгын түзгөндөрдү айдоочулук укуктан ажыратуу. Бул үчүн бир катар мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Жол кырсыгынын күнөөкөрлөрүн 5-10 жылга айдоочулук укуктан ажыратуу керек. Болбосо, жолдордо жарыяланбаган согуш болууда, жылына орто эсеп менен 500дөй адам каза табат. Жабырлануучулар майып болушат, өтө узак дарыланышат, жандары кыйналат. Жаш балдар да каза болууда. Бул чыныгы согуш эмеспи. Эң кейиштүүсү, эгер туура чара көрүлсө, мындай кырсыктардын көбүнүн алдын алууга болоор эле", - деди Бердаков.
Ошондой эле, эксперт айдоочулардын көбү айдоо маданиятын билбей турганын токтолду. Андан тышкары көп автоунаалардын техникалык абалы да канааттандыраарлык эмес. Ал эми патрулдук кызматка айыппул гана керек, жол кыймылындагы эрежелердин сакталышына анчалык көңүл бурбайт.
"Бизге жол кыймылын коопсуз кылууга такыр башка аракет керек. Жыйынтык, канча айыппул топтолгонуна эмес, кырсыктын канча пайыза азайышына басым жасалышы зарыл. Албетте, көзөмөл камералары жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүүсүнүн коопсуздугун канча бир деңгээлде камсыздап берди. Бирок бул айдоо сапатын жакшырта албады. Тийиштүү кызматтар жол кырсыктарынын алдын алууга умтулушу шарт", - деп белгиледи эксперт.