Жол кырсыгы чыныгы кайгыга айланды. Эки күндө жол кырсыгынан 15 жараныбыздан айрылдык. Ушул жазда жакын досубуз аялы экөө жол кырсыганан көз жумушту. Жол кырсыгынын көбөйүшүнүн эки орчундуу себеби бар.
Биринчиси азыр автоунаа айдап жүргөндөрдүн бери болгондо 80 пайызы айдоочунун күбөлүгүн окубай эле сатып алышкан. Жөнөкөй жол эрежелерин билишпейт. Жол боюндагы жол белгилеринин эмнеге турганын деле билишпейт. Ошондойлордун бири: "Бурулуш деген белги койбосо деле бурулуш экенин билебиз да",- деп мени күлдүргөн. Ал белги "астыда бурулуш" деген менен бирге "ылдамдыгыңды төмөндөт" деген талап коерун билишпейт.
Айдоочунун күбөлүгүн саткан МАИлер силер ар бир айдоочу күбөлүк менен бирге канча бир адамдардын ажалын сатасыңар. Жол кырсыгынан кайтыш болгондордун убалы силерди оңдурбайт го. Оңго же солго бурулам деп белги бергениңе карабай алыстан бакырта сигнал берип ылдамдыгын жайлатпагандар толо. Өзү жол эрежесин билбей анан сени сөгүп кеткенде күйөсүң. Чоң жолдо ашып өтөйүн десең жарышып алгандар четтен чыгат. Кыскасы жол эрежесин билген, анан аны так сактаган айдоочулар ашса 10 пайызды түзөт. Айдоочу күбөлүк саткандарга жазаны оорлотуп бул тармакты текшерүүнү күчөтүү керек.
Экинчи, эски авто унаалар. Өзү жол эрежесин билбегени аз келгенсип айдаган унаасынын техникалык абалын билбегендер толо. Бул да окубагандын кесепети. Ызылдатып баратканда "ходовойдон" кетет же дагы бир тетигинен кетет. Жогорудагы досубуздун машинасы газы түгөнгөндө автоматтык түрдө бензинге которулбай өчүп калган да, бурулбай калып астыда келатканды сүзгөн. Кыргызстан эски автоунаалардын кампасына айланган өлкө. Тигил кырсыктагандардын 90 пайызы эски унаалар. Кейпи эски унаалардын техникалык абалын текшерип туруу тартибин кийриш керекпи дейм. Антпесе элибизди кыра беребизби.
Чолпонбек Абыкеев