"Кантип өзгөрүлдүм. Өзүмө отчет жазгым келди.

1. Ушак айтып, эбиреп - жебиребейм. Бирөөнү жамандап, күнөөсүн көтөрүп, анын жаман энергиясын тартып алгым келген жок. Ушак сүйлөгөндөрдү жашоомон чийдим.

2. Оюм чар - жайыт болуп, ойго чөмүлүп, кыйналчумун. Тазалаганды, оюмду топтогонду үйрөндүм.

3. Бирөөнүн жакшылыгына өзүмдүн жакшылыгым болгондой кубанганды, кубанычын бөлүшкөндү, бирөөгө чын дилимен суктанганды үйрөндүм. Тардык тардыкты, кеңдик кеңдикти чакырат экен.

4. Кечиргенди, кечирим сураганды билген сонун сезим экен! Таарыныч сезими өзүң уу жутуп алып, башкалар качан жапа чегет деп күтө бергенге барабар тура!

5. Өзүм катачылык кетирсем, өзүмдү жеп, жектебей калдым. Тек гана катамдан сабак алам. Экинчи кайталабайм.

6. “Жок! “ дегенди үйрөндүм. Башкалардын көңүлүн кыя албай, мага жакпаган ишти жасап, өзүмдү кыйначумун. Азыр антпейм. Көңүлүм менен эсептешем.

7. Иштегенди билчүмүн! 24 саат тыньай, чарчабай иштей алам. Бирок эс алганды билчү эмесмин. Азыр эс алганды, өзүмө сонун жыргалчылыкты тартуулаганды, жашоодон ырахат алганды үйрөндүм!

8. Шашып жашачумун. Азыр ар бир моменттен ырахат алып, кубанып, сүйүп жашайм!

9. Өзүмдү сүйгөндү үйрөндүм. Өзүмдү артыкчылыгым, кемчилигим менен кабыл алганды билем. Өзүмдү эркелетем. Жашоонун мыктысына, тамактын даамдуусуна татыктуумун.

10. “Эл эмне дейттен” арылып атам. Аз - мазы бар. Бирок көз карандысыз болуп баратканым кубандырат!

11. Эркиндиктин даамы укмуш таттуу экен! Руханий, жан дүйнөнүн эркиндиги керемет тура!

12. Өзүмдү сүйүү аркылуу чөйрөнү, ааламды , башка адамды сүйгөндү үйрөнүп атам. Кызганып - кызаңдабай, өзүмдүкүн таңуулабай, кемчилиги - артыкчылыгы менен кабыл алып, жөн эле сүйгөн жакшы экен.

13. Китеп, спорт, жаңы маалыматты изилдөө, изденүү, өсүү, дагы жаңы нерселерди үйрөнүү - менин жаңы адаттарым!

14. Психологдор менен иштешем. Жан дүйнөмдүн жараларын айыктырып атам.

15. Аялдыгымды кабыл алган сайын, ажарым ачылып, аял болгондун кереметин сезе баштадым.

Сөз үстүндө эмес, иш үстүндө өзгөрүлүп туруп, анан башкаларга да таасирим тийсе дейм!" - деп жазды Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына.