Акыркы камоолор боюнча коомчулукта ар кандай ача пикирлер орун алууда.  Жетишет,  “биздин бала, кудам эле, жердешим эле” деген жеңил-желпи түшүнүктөн көтөрүлө турган убакыт келди. Карапайым калк бүгүн ак менен караны ажыратыш керек!

Коррупционерлерди эмес, коррупция менен күрөшүп жаткан бийликти колдош керек.  “Бириксек колдон келет” демекчи бир билек, бир тилек менен алкымы бузук келемиштерден тазалануу убактысы келди. Бүгүн тазаланбасак, эртең кеч болот.