Кыргызстандын Азирети муфтийи менен Уламалар кеңешинин мүчөлөрү жана Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү үч айдан бери шайланбай, ит жыгылыш болуп келүүдө. Булардын ичинен Азирети муфтийдин ким болору коомчулуктун бүйүрүн кызытып, Ак үйдөн баштап Көк үйгө чейинкилер, беш маал намаз окуган момун мусулмандардан тартып, бутун жуубай, намазга жыгылбаган бутпарастарга чейин “муптийликке” көзү кызарууда.
Көрсө, балакеттин баары Ак үйдө эмес, молдокелердин ичинде же Уламалар кеңешинде эле экен.
Уламалар кеңешинин мүчөлөрү мурдагы төрага Абибилла Кадырбердиевдин отставкасын кабыл алышып, анын ордуна Абдыманап Масалиевди шайлашты.
Белгилей кетсек, 27-майда Уламалар кеңеши жаңы муфтийди шайлашы керек болчу, бирок шайлоо кийинкиге жылдырылып, 26-июнга белгиленген.
Кыргызстандын муфтийлигине алты адам талапкерлгин койгон. Дагы экөөсүнө шайлоого катышууга уруксат берилген жок.
Ошондой эле, аттестациялык комиссиянын мурунку курамы жоюлуп, шайланган комиссиянын жаңы мүчөлөрү кайрадан муфтийликке, ошондой эле Уламалар кеңешине талапкерлерден экзамен алаары белгилүү болду.
Мусулмандардын Дин Башкармалыгынын Текшерүү комиссиясы өткөн жылы пандемиянын айынан ажылык сапары токтотулган жарандар сарптаган акчанын суммасын эсептеп чыгышкан. Муфтияттын комиссиясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы социалдык тармактарда жарыяланды.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазиев кол койгон документте дээрлик 2 миллион доллардын жоголгону белгиленет.
Комиссиянын корутундусунда 2017-жылдан бери КМДБ жеке компанияларга жана жеке адамдарга каражат берип келгендиги жана айрым компаниялар акчанын бир бөлүгүн гана кайтарып беришкени айтылат.
Булак: “Майдан. kg” гезити