Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) жетекчилиги Кыргыз Республикасына азык-түлүк жана гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды.
Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын азык-түлүк жардамы катары берүү жана 350 млн юань (54 млн АКШ доллары чамасында) акча каражатын грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражатты өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылууда.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстанга 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары берүү чечими кабыл алынды.
Ошону менен бирге Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу - Кыргыз Республикасына гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди.
Албетте, кымбатчылык алка-жакадан алып, алапайыбызды таппай турганда ким болсо деле азык-түлүк бергени жакшы, болгондо да бекер бергени ого бетер жакшы. Бирок Кытай мамлекетинин бул жардамынын артында бир саясат жокпу?
Булак: “Майдан. kg” гезити