Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик ооруканаларда иштеген медицина кызматкерлерине бир эле мезгилде жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салуу сунушун киргизген. Ага профессор, медицина илимдеринин доктору, КР Эмгек сиңирген дарыгери Калдарбек Абдраманов жооп берди.
- Мамлекеттик ооруканалардагы медиктердин жеке менчик клиникаларда иштөөсүнө тыйуу салуу, негизи туура идея. Талтайбай бир жерде иштегенге не жетсин, өзгөчө биз врачтарга? Ал жөнүндө мурун да айтылып келген, бирок ишке ашпаган.
Азыр да бул ойду күчкө салып ишке ашыруу мүмкүн эмес, болсо да жакшы жыйынтык бербейт. Аягында мамлекеттик ооруканалар өзүлөрү эле жабыркашы мүмкүн. Анын үстүнө, ага Эмгек кодексинин чегинде көзөмөл жүргүзүү да татаал, кошумча мыйзамдаштыруу иштери жасалышы керек. Ошондуктан бул жыйынтыксыз жумуш болот.
Себеби, азыр калыптанып калган жеке менчик ооруканаларда кызматкерлердин орточо 85-95 % туруктуу иштешет. Мамлекеттик ооруканаларда да көпчүлүк кызматкерлер бир орунда туруктуу иштешет. Бирок, ооба, кээ бир врачтар, медайымдар (коллективдин 10 - 15 % ашпаган бөлүгү), бош убактысында, сменден чыккандан кийин жеке менчик клиникаларда кошумча эмгек акы үчүн иштешкени баарына белгилүү.
Ушундай акыбалдын жаралышына медиктер эмес, 30 жылдан бери мамлекеттик медицинаны оңдобогон өкмөт себепкер. Медиктер жеке менчик клиникаларга татыктуу эмгек акы үчүн, жаңы оборудованиелерде отуруп, жаңы методдор менен, жакшы шарттарда иштөө үчүн барышат. Баса белгилөөчү жагдай, жеке менчик клиникалар жогорку тажырыйбалуу врачтарды, медайымдарды гана жумушка алышат. Ошондуктан, айтылган талап аткарылса, мамлекеттик ооруканаларда күчтүү врачтардын, тажырыйбалуу медайымдардын саны азайат, пенсионерлер калышат. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик ооруканалардан киндигин үзүшүп жеке менчик ооруканаларга кетишет. Азыр ансыз да, күчтүү медиктерибиз Россияга кетип жатышкан учурда, мамлекттик ооруканалардын шарттарын оңдоо, медиктердин эмгек акыларын көбөйтүү, жаңы жабдыктарды алуу, жаңы имараттарды куруу, иштөө шарттарды жаңыртуу өңдүү, ж.б. 30 жылдан бери чечилбеген көйгөйлөрдү, масалелерди чечүүнүн жолун, саламаттык сактоо тармагын каржылоо жана башкаруу системасына реалдуу реформа жасоонун жолун издегенибиз жакшы болмок!