УКМК тарабынан «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыктарынан кийин  бир нече кылмыш иштери козголгон. Анын негизинде бир катар экс-депутаттар суракка чакырылганы белгилүү болду. 

Маалым болгондой, экс-депутат Сергей Ибраимов сурактан кийин мамлекеттин эсебине 100 миллион төгүүгө макул болгон. 

Андан тышкары экс-депутаттар Игорь Гусаров, Турсунтай Салиев, экс-премьер-министр Темир Сариев дагы суракка чакырылган. 

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" боюнча келишимге кол койгон бардык аткаминерлердин жоопкерчилиги каралаарын убадалаган. Ал бул боюнча төрт кылмыш иши козголгонун билдирген. Чет өлкөлүк компаниядан колдоо алган депутаттардын иштери куру айыптоолордон эмес конкреттүү айыптардан тураарын белгилеген.