Президент Садыр Жапаровдун уулу аскерге кызмат өтөөгө кеткени тууралуу жазыла баштады. Алгачкылардан болуп бул тууралуу журналист Тынчтык Алтымышев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Жапаров менен Ташиевдер жоокерлик салтты катуу кармайт окшойт. Мурда балдарын аскерге айдашканын уккам. Азыр да 01дин Азат Жапаров деген уулу аскерге жиберилиптир. Бийликтегилердин ошентип аскерлердин, армиянын жашоосун жакындан билгендери албетте жакшы',- деген билдирүү калтырды журналист.
Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин уулдары да аскерде кызмат өтөгөн.