Депутат Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Ах, таксинин айдоочусунун тизеси кандай. Кызык, айдоочу шортик кийип алыптыр - бул айдоочулардын дресс-колубу же жүргүнчүлөрдү урматтабаганыбы? Түшүнөм, күн ысык... бирок такси кызматында да: администратор жана диспетчер айдоочулардын сырткы көрүнүшү жана маданияты менен иш алып барышы керек го. Таксисттер шаардын жүзү эмеспи. Шаарга сыймыктуу борбор деген аталышын кайтарып берүүгө убакыт келип жетти", - деп жазды депутат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын бүтпөгөн темасы - дресс-код. Алар парламент жыйынына келгендердин кийген кийимин иликтеп, ал турмак кээде кийими ылайык келбейт экен деп айрым аткаминерлерди жыйындан чыгарып да салган. Маданияттуу, дресс-кодду сактаган депутат айым таксисттин жылаңач тизесин сүрөткө тартып алуудан тартынбаганы кызык...