Бул тууралуу Тенгиз Бөлтүрүк маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, өндүрүш запасы "Кумтөрдө" эки-үч айга гана жетет. Азыр подрядчиктер менен сүйлөшүү жүрүп жатат.
"Биз азыр жеткирүүчүлөр менен байланышты калыптандырып жатабыз, кат жаздык", - деди ал.
Ошондой эле, ал жумушчу-кызматкерлерге айлык акы төлөнөөрүн белгиледи. Айтымында, 28-майда аванс берилет, 15-июнга карата калган бөлүгү төлөнөт.