Министрлер кабинетинен төрагасынын орун басары, санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев пара талап кылуу боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, "Коопсуз щаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруучу чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрүнүн арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Алар министрге аталган долбоор боюнча келишимдин аткаруу мөөнөтүн узартуу суранычы менен кайрылышканда, ал ири суммадагы пара талап кылганын айтышкан. 

Учурда Азамат Дыйканбаев УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Жакын аралыкта шектүү кайсы кылмышка шектелип жатканы тууралуу кабардар болот. Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралды.