Кыргыз Республикасынын

Президенти

Жапаров Садыр Нургожоевичке

 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Кыргыз эли байыркы түптүү элбиз, өз тарыхыбыз бар. Манас Атабыздан бери өзүбүздүн салт-санаабыз, үрп-адаттарыбыз атадан балага өтүп, урпактарыбызга жетип келе жатат. Биримдикте, ынтымак, ырашкерлик менен өзүбүзчө мамлекет болуп келгенбиз.

Уучубуз кур эмес, кыргыз элинен эли-жерин көзүнүн карегиндей сактаган баатыр эр жүрөк жигиттер, чыгаан кыздарыбыз чыккан.

Кыргыз элибизге Кудай таалам кайрадан насип кылып, кыргыздын тууруна эки туйгунду туш кылды, биринчиси Садыр Нургожоевич Жапаров, экинчис Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев деп эсептейбиз. Биз, Баткен районунун эли Садыр Жапаровду жана Камчыбек Ташиевди колдогонбуз жана ар дайым колдойбуз!

Биздин райондо эң биринчи көйгөй – чек ара маселеси. Камчыбек Ташиев УКМКга жетекчи болуп келгенден баштап чек арада жашаган Баткен, Лейлек райондорундагы элге өзгөчө көңүл буруп, тез-тез кабар алып турду. Өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп, тажик тарап менен өзү барып, чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечип жүрдү. Бирок, тажик тарап жетишилген макулдашууларга, кол койгонун карабастан, ар дайым чек ара жаңжалын чыгарып, элибиздин тынчын алып жүрдү.

Камчыбек Ташиев ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга учуп кеткенде Баткенде тажиктер тарабынан чек ара жаңжалы чыгып, дарыланууга үлгүрбөстөн артка кайтып, “Манас” аэропортунан үйүнө да барбастан дароо Баткенге учуп келген, Лейлекке чейин өзү жүрдү. Жеринде чек ара маселеси боюнча тажиктер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тынчтык протоколун түзүүгө жетишти. Мамлекеттин, улуттун коопсуздугу эң биринчи чек арадан башталат, ошондуктан, чек арабыз ар дайым бекем болушу керек.

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде, жогоруда белгилегендей, К.ташиев Германияга дарыланууга жөнөп кеткен маалда, тажик тарап Баткен жана Лейлек районундагы чек арабызды бузуп кирип, куралдуу кол салууну баштаган. Камчыбек Ташиев бул кабарды угуп, орто жолдон кайтып келгенин журналисттерге маалымдады. “Менин элимдин башына мүшкүл иш түшкөн болсо, элимдин жаны менин жанымдан кымбат”- деп Баткенге жетип келди. Бул деген өз жанын эли үчүн аябаган эң чоң эрдик. “Эр жигиттин эмгегин эл баалайт”,- деген кыргыз элибизде накыл сөз бар.

Биз, Баткендин эли Камчыбек Ташиевдин эл үчүн кылган эр жүрөк баатырдыгын баалап, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизден суранып айтаарыбыз – Камчыбек Кыдыршаевичке “Кыргыз Эл Баатыры” наамын ыйгаруу жагын суранабыз. Биз, Баткен эли К.К.Ташиевди “Кыргыз Эл Баатыры” наамына татыктуу деп эсептейбиз.

Сизди Кыргызстандын Президенти, кыргыз элинин журт башчысы катары Кыргыз мамлекетин алдыңкы мамлекеттердин катарына жеткизип, элибизди жыргалчылыкка карай баштап, эл-жерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн ар дайым күрөшөт деп ишенебиз жана Сиздерге чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!

Урматтоо менен,

Баткен шаарынын тургундарынын атынан

82 жаштагы карыя аксакал – Шайдуллаев Өсөр.

 

Дарегим: Баткен шаары, Базар-Башы кварталы.

“Токтогул Олуя” конушу. Тел.: 0 777 729-014

Редакциядан: Өсөр Шайдуллаев Садыр Жапаров президентикке талапкер катары барып, Баткен районунун эли менен жолукканда ийгилик каалап, ак батасын берген карыя. “Садыр уулум Баткен элинин кайрылуусун жоопсуз калтырбай, оң жагына чечип берерине ишенем”,- дейт Өсөр аксакал.