Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара аймагында Кыргызстанга жакын жерге тажиктер окоп каза башташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев билдирди. 

Айтымында, ага жергиликтүү тургундар телефон чалышып, болуп жаткан көрүнүштөр тууралуу кабардар кылышкан. 

"Тажик тарап чек ара тилкесине жакын жерге окоп казып жатышыптыр. Мен Чек ара кызматынын, УКМКнын жана өкмөт жетекчилигин бул кабарга көңүл бурууга чакырам, буга реакция кылуу керек. Жергиликтүү эл коопсуздугунан чоочулап жатышат", - деди депутат. 

 Ошондой эле, ал Чоң-Алайда 1999-жылы Баткен окуясы башталганын эске салды.