Өткөн жумада Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун аймагында жол курган ишкананы белгисиз бирөөлөр карактап кетишкен. Бактыга жараша жергиликтүү милиция кызматкерлери ал каракчы, зөөкүрлөрдүн изи сууй электе колго түшүрүштү.

Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү Тогуз-Торо РИИБдин 102 телефон номерине Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишканалардын биринин өкүлү 1980-ж.т. Н.Э. кайрылган.

Анын айтымында, саат 21:20 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишканага белгисиз үч жаран келип, кароолчулар отурган контейнердин эшиктерине таштар менен уруп, аларды коркутушуп, ишканада иштеген жарандарды сыртка чыгарбай, ишкананын ичинен кабель жана башка буюмдарын автоунаасына салып алып кетишкен.

«Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошол замат окуя болгон жерге Тогуз-Торо РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кабель жана башка буюмдарды алып качып бара жатышкан жеринен Тогуз-Торо районунун тургундары 1985-ж.т. Ж.У. жана 1989-ж.т. Ж.К. өздөрүнүн “Фольксваген-Гольф-3” үлгүсүндөгү автоунаасында кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: “Майдан. kg” гезити