Той-аштагы ашыкча чыгымдарды, ысырапкорчулукту токтотуу мыйзамы өтө туура!  Салт-санаабызды жок кылганы калышты деп жаткандарга айтат элем! Той бербе, бири бириң менен катышпа деген эч ким жок! Болгону жөнү жок, пайдасыз ысырапкорчулукту токтотуп, пайдалуу иш кылалы деген гана кеп! Азыр карап турсаң бири бирине атаандашып, куру намыстанып эле карыз алып же канча бир жыл топтогон каражатын асманга чачып, бизнеси бар бай манаптардын тойканасы бар адамдардын колуна салып бергенден башка пайда жок! Кыз узатуу анан кайра үлпөт той, түштөндүрүү, кымбат унаалар менен шаар кыдыруу деги койчу жөнү жок эле акча чачып эл көзүнө мактаныч! Алыш-катыш, салт-санааны илгери үйдө конок тозуп эле ысырапчылык жок эле тууган-туушкандык ымаланы бекемдеп келишкен! Азыр карап турсаң бата алып балдарыма, үй-бүлөмө улуулардын батасы тийсин дегендерден алып барган кошумчамды кайра чогултайын деген актуалдуу болуп калган! Акчалууну чакырып төргө отургузуп жакшы сыйлап, жөнөкөй капчыгы жука адамды сага жакын тууган экенине карабай той-топуруна чакырбай койгондор толтура! Ошондой салт-санаанын кимге кереги бар!? Кафеде эмне деген тамак-аш, эмне деген ысырапкорчулук! Көрүп туруп зээниң кейийт! Катыш, тууган- урук, жакын санаалаштарыңан мамилеңди үзбөй бекемде, бирок ысырабы жок эле бир кой сойсоң да чын жүрөгүң менен үйүңө эле чакырып, акча үмүтөтпөй бата берип кет, сый көрүп кет, деген киши айыл жергесинде эле саналуу болбосо, дээрлик жокко эсе! Пайдасы жок чакырыктардан эл деле тажап бүттү, карыз алып же акыркы акчасын көтөрүп алып, болбосо процент, кредит алып үйүнөн чукчуңдашып, анан кафеге жеткенде жасалма жылмайып, алып барганын берип, тойдо эми эртең кайдан акча табам деп түйшөлүп отургандын кимге кереги бар?! Той берген кишиң деле сенин батаңа кайдыгер, эптеп кафеге кеткен чыгым менен союлган жылкы уйдун чыгымын жаап берсе болду деп той бүткүчө бушайман! Жаманчылыкта деле сенин кан жутуп кайгырып турганыңды түшүнүп кайгырып турган адам саналуу эле! Болбосо көпчүлүгү эмне мал соёт болду экен, канча бодо соёт болду экен деп эле сынап турат! Жаманчылыкта топурагын салып, Куран багыштап, маркумдун бейишин чын дилден сурап, жакындарына сабыр тилеп кеткенинен, дасторкону жупуну болуп калыптыр же укмуш даярдаптыр, баланча түр салат, түкүнчө жер-жемиш коюп, таман чыккан семиз бодо же арык бодо союптур деп сөз кылганы көп! А тиги жакынын жоготуп өксүп турган адамдын кайгысы көбүнө бир тыйын! Ушундай салт -санаа качан бар эле Кыргызда?

Мен азыркы ашыкча ысырапкорчулукту ооздуктаган, токтотууга багытталган мыйзамды эки кол, эки бутум менен колдойм!

 Милиондорду коротуп тойкана салгыча ошол каражатка чакан бир 10 же 20 адам иштей турган ишкана ачсын, пайдасы көбүрөөк болот! Элибиз тентибей бөлөк жерде көрбөгөн кордукту көрбөй, башкаларга көз каранды болбой, тыңыраак жашайбыз!

Эрмек Кадыров