“- Азыркы жагдай боюнча ойлор! Бийлик бар, армия бар, жагдайга жараша алар иш кыла беришсин. Калганыбыз 3 иш менен алектенели:

1. Тажиктердин агрессиясын ашкерелеген, далилдеген фото, видеолорду чогултуп, архив кыла берели. Акыры бул жаңжал эл аралык сот менен бүтөт, ошолорго даярдана берели.., юристтер бул ишке киришти, ошого жардам берели.

2. Бирдиктүү эсеп ачылыптыр Баткен обладминстрациясынын карамагында. Ошол эсепке акча топтой баштайлы.

3. Гумпомошь чогулуп атат, кан берип атышат, ошого активдүү катышалы...

Азыр Баткенге өз ыктыяры менен согушка барам дегендер толтура. Бирок, аны менен алектенип аткан военкоматтар бар. Призыв кылса, баарыбыз аттанабыз. Өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөзө берсек болот, бирок андан майнап чыкпайт. Өкмөт эмне иш кылып жатат, ансыз да атайын медиа борбор ачып, тынбай маалымдоону баштады! “Курал тараткыла!”- дегенди да талап кылып жатышат, ал маселе жеринде чечилиш керек, жагдайга жараша. Курал оюнчук эмес, туугандар!

Анан да, “тигил кайда, бул кайда, жөнөсүн Баткенге”- деген жеңил ойду таңуулагандан абайласак! Баткенде министрлер, замдары, аскер командирлери жетиштүү барышты! Баары ошол жерге чогулуп алганда эмне пайда? Бүт республиканы мобилизация кылыш үчүн жогорку бийлик иштеп атат, Бишкекте отуруп иштечүү жумуш толтура! Кичине реалист бололучу...

Мындайда бир беткей болуп, аскердикиндей тартипти камсыз кылып, өз жөндөмүбуздү көрсөтүп турганыбыз туура болот! Кур мекенчилдиктин азыр кереги жок, системдүү, пландуу иштеп, Өкмөткө күч кубат, дем берип турушубуз зарыл! Жеңебиз, туугандар! Бир муштумга түйүлүп, ар кайсы партиялык жана башка кызыкчылыктарды унутуп, бир Эл, бир Улут болуп турсак!

Жараткан өзү колдосун!”- деп жазды Акматалиев.