Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу Баткен облустук администрациясынын алдында өттү. 

"Бүгүн саат 16.00гө чейин тажик аскерлери кыргыз айылдарынан чыгып кетишет. Мен акырына чейин ушул жерде болом. Сиздерди таштап эч кайда кетпейм. Чагымчылдыкка алдырбай, сабырдуу болуңуздар", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков командасы менен Лейлек районуна кеткени айтылды.