-Кечээ чек арадагы окуяларда чукул бурулуш, өзгөрүүдө бир мандем бар, кырдаалдын ырбашына кызыктар тарап көрүнөт деп жаздым эле. Суваналиев да сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү бар экенин тастыктап жатат. Акыркы окуялар бир чынжырчага тизилгендей. Согуштун оту тутанды, эми алаамат болуп кетпегендей ийге салыш абзел. Чоң согушту тажиктер да, биз да көтөрө албайбыз азыркы акыбалыбызда. Абалга эки өлкөнүн президенттери тезинен киришип, тыкыр көзөмөлгө албаса кыйын болду биягы. Ынтымакты сактап, ушул учурда аскерлерге, атайын кызматтарга ишенич көргөзөлү, курмандыктарды көбөйтпөйлү, жолтоо болбой туралы, эвакуация болгондорго жардам көрсөтөлү. Бирок, жер-суубузду алдырбоо позициясын бекем кармап, көзөмөлдү да бекем карманалы.