ЖК депутаттары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ѳзүн хан сезип алганын айтып чыгышты. Министрдин акыркы “жоруктарын” кѳрүп, айрым сүйлѳгѳн сѳздѳрүн угуп отуруп аргасыздан депутаттардын айткандарына кошулбай да коё албайсың.

Буга дейре “министрликте мен гана иштеп атам” десе, андан кийин “президент экѳѳбүз эле уктабай 24 саат иштеп атабыз”- деп кѳпчүлүктүн кѳңүлүн бурду. Уу коргошун тууралуу “жосунун” айтпай ак коёлу. Аны кыргызстандыктар эле эмес, дүйнѳ эли билди окшойт. Аз күн мурда “дарыгерлердин маянасын 40 %га кѳтѳргѳнү жатам” деп билдирди. Министрдин минтип айтканга канчалык укугу бар эле? Биз билгенден министрдин маянанын ѳлчѳмүн кѳбѳйтүүгѳ укугу жок, анын компетенциясындагы маселе эмес. Маяналарды ѳкмѳт гана кѳтѳрѳ алат го… Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети болсо министрди жыйынга чакырып, келтире албай бечарага айланды. “Колуңардан келгенин кылып алгыла” деген тейде комитеттин бир да жыйынына келбей атат.

Айтор, президент менен жакындыгына таянган саламаттыкты сактоо министри “ѳзүм билем, ѳзүм хан”- деген иштѳѳ принцибине ѳтүп алды. Негедир ѳлкѳ башчы да унчукпайт. Акылга, тартипке чакырып койсо ашыкча болбойт эле.

Булак: “Майдан. kg” гезити