Электир тармагын үчкө бөлүп төлөтүү жолу кантип табылат? Аны кантип ишке ашырса болот? Такыр акыл пештем жетпей баш маң болууда. Мисалга азыр "акылдуу эсептегич"- деген неме ай сайын "Мынча төлөйсүң"- деген кагаз жиберет. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп "Ашык эсептеп салса керек. Мынча болбошу керек эле"- деп " Ушул ашыча болгонсуп турган 100-200 сом үчүн кайда чырдашып бармак элем",- дейсиң да төлөйсүң. Эми жаңы эсеп келсе кандай болот? Сени кайсыл категорияга кошконун кантип билесиң? Ким сени ошол категорияга кошот? Мисалга бүгүн орточо пенсия 5000 сомдун тегереги. Төмөнкү пенсия 1700 сом болсо керек. Ошондо бүт пенсионерлер автоматтык түрдө эң төмөнкү категорияга кириши керек да. Антейин десең дээрлик бардык пенсионердин пенсия алгандан башка да каражат тапкан булактары бар. Антпесе пенсия менен жашоо мүмкүн эмес. Алар өздөрү чыгып "Мен мындай жолдор менен кошумча каражат табам. Мени кымбат төлөгөн категорияга кошкула",- дешеби? Антип бирин-экин А.Салымбековго окшогон бай экени ачык көрүнүп тургандар эле айтпаса, көпчүлүк масса айтпайт го. Туруктуу иштеп айлык маяна алган катмар да аз. Аларды кантип ажыратууга болот? Үймө -үй текшерип "Сенин муздаткычың, телевизоруң, машинаң бар экен. Жогорку категорияга кошуласың",- дешеби. "Үйүндө муздаткычы, телевизору барлар жөлөкпул албайт"- дегенден кандай чуу чыкты эле? Анан да улам бир жерге бир жылда эки- үч которулуп көчүп жүргөндөр бар, алар кантет? Жаңы квартирага барган сайын ошол районго учетко турушу керекпи? Эң жаманы коррупциядан кутула албай атсак ага түптүз жол ачат го. "Мен сени төмөнкү категорияга кошуп коеюн. Каалашыңча дүкүлдөтө урун. Бирок жылына мага баланчадан берип тур"- деген "акылдуу" электир тармагында иштеген контролерлор чыгат да. Андан да кызыгы электир тармагына жабышкан мителерден кутула албай жатканда "Кардарларды категорияларга бөлүп туруучу"- деген дагы кошумча иштегендер тармакка ишке алынат да.

"Жол үчкө бөлүнсө иттин башы маң болот" кылбай эле, Ширшов түзүп кеткен системаны түп -тамыры менен жок кылып, ортомчу деп кыпчылгандардан бул тармакты бүт тазалап оптималдуу жаңы система кийрүү каралса, төлөмдү болсо жеке адамдар жана юридикалып жактар (ишкана, уюмдар) деп экиге бөлүп төлөтсө туура болмокпу дейм да. Жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү. Эч ким чырдашпайт. Канчалык башкаруу системасын быкы-чыкы кылып татаалдаштырган сайын ортого кирип жеп ичүүчүлөр көбөйөт. Ширшовдун бул системаны быт-чыт татаалдаштырып таштагандагы башкы максаты ошол болгон да. Токтогул ГЗСинен Бишкекке келаткан чубалгынын ортосуна онго жакын ортомчу минип алган. Алар минбесе деле ток келмек. СССР учурунда кой сарайларга чейин кенен жетип жаркырап туруучу энергия бүгүн элге жетпегени кызык. Кыскасы акыл пештең жетпесе жаман экен да. Ширшов сыяктууларга жем болуп жүрө берет экенсиң. Чындыкты моюнума алып акылым жетпей турат дебедимби. Балким акылдуулар туура ой бөлүшөөр.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу