Бишкек шаарында 1 жумада 5 миң 294 жол эрежесин бузу катталган. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын патрулдук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 47 айдоочу авто унааны масс абалында башкарып бараткан болсо, 11 айдоочу айнегин  караңгылатылган авто унааларды башкарып жүрүшкөн. 70 айдоочунун жанында айдоочулук күбөлүгү болгон эмес.

Айып төлөөчү жайга 748 автоунаа токтотулган.

Жогорудагы көрсөткүч эмнеден кабар берет? Айдоочулардын жол эрежелерин сактоосу дагы деле төмөнкү деңгээлде экенин билдирет. Демек, “Коопсуз шаар” долбоорун толугу менен аягына чыгарып, видео байкоочу камераларды Бишкектин бардык жерине орнотуу зарыл экенин көрүүгө болот. “Коопсуз шаар” айдоочуларды сезилерлик деңгээлде тартипке чакырып, жол эрежелерин сактоого үйрөттү. Бирок бул жолдордогу абалдын коопсуздугун камсыз кылууга жетишсиз экен.

Булак: “Майдан. kg” гезити