Айтылуу Райымбек Матраимовго карата кылмыш иштери токтотулуп, эркиндикке чыгарылгандыгы АКШ бийлигин кабатыр кылды. Бул боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты.

“АКШ Магнит тизмесине киргизилип, визалык санкцияларга дуушар болгон Матраимовдун бошотулганына кабатыр экендигин билдирет. Анын бажы тармагындагы коррупциялык схемасынын натыйжасында өлкөдөн 700 млн. доллар чыгарылып кеткен. Ал каражат Кыргыз Өкмөтү тарабынан саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана пенсия тармактарына жумшалмак. АКШ дагы деле болсо анын чет өлкөдөгү активдерин тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып берүүгө даяр”,- деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү актив, мүлктөрү табылбагандыгына байланыштуу кылмыш иши токтотулуп, бошотулганын маалымдады. Демек, АКШ Мамдепартаментинин Р.Матраимовдун чет жерлердеги  кыймылсыз мүлктөрүн таап, кыргыз тарапты “кепке кемтик, сөзгө сөлтүк” кылганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Аны менен АКШ Матраимов маселесинде жөн эле саясат кылып атабы, же чындап эле кабатыр болуп атабы, аны да далилдесе болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити