Мамлекеттик каттоо кызматы ѳлкѳдѳгү эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп табылды. Бул тууралуу Башкы прокурор К.Зулушев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында билдирди.

Башкы прокурор маалымдагандай, бир жыл ичинде мамлекеттик түзүмдѳрдѳгү  коррупция боюнча 42 кылмыш иши козголсо, алардын 7син прокуратура органдары, 32 кылмыш ишин УКМК, ал эми 3 иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрѳшүү кызматы тарабынан козголгон.

Мамлекеттик органдардагы  коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн орун алуусу боюнча биринчи орунда МКК турса, андан кийинки орундарда КР Транспорт жана жол министрлиги, ИИМ, Билим берүү министрлиги жана Социалдык ѳнүктүрүү министрлиги турат.

Булак: “Майдан. kg” гезити