Уккан кулак сүйүнсүн! Кыргыз эли кѳбѳйүп жатат. Эл каттоо жараяны аяктап, Кыргызстанда туруктуу жашаган  калктын саны 6,6 млн. адамды түзѳ тургандыгы белгилүү болду.

Калктын курактык катышы боюнча айтсак, жалпы элдин 35 %ын ѳспүрүмдѳр түзсѳ, 57 %ын эмгекке жарамдуулар, 8 %ын эмгекке жарамдуулардан жогорку курактагылар түзѳт. Калктын үчтѳн бири (34 %)  шаар жерлеринде жашаса, үчтѳн эки (66 %) бѳлүгү айыл жерлеринде жашай тургандыктары  анык болду.

Улуттук жактан алып карай турган болсок, учурда Кыргызстанда 4 млн. 896 миң кыргыз, 985 миң ѳзбек, 341 миң орус улутундагылар жашап келишүүдѳ. Калгандарын башка улуттун ѳкүлдѳрү түзѳт. Жалпы болуп ѳлкѳбүздѳ 100дѳн ашык улуттун ѳкүлдѳрү жашашууда.

 Булак: “Майдан. kg” гезити