"Менин жеке пикирим уу коргошун боюнча...  Мен эки жумадай ичкем ал дарыны, билем. Врачтын өтө дыкат көзөмөлү жок, соо киши да аркы дүйнөгө узап кете бериши турган иш, абдан кооптуу. Макул, өзү айткандай коопсуз болсо дагы, тиешелүү мед. уюмдардан тастыкталбаган дарыны элине сунуштоосу бул кечирилгис кылмыш. Андан беркиси уят болдук дүйнөлүк аренада. Өзгөчө жаңы келген бийликти жер каратты, кайдагы көчөдө жүргөн чала табыпты өкмөт мүчөсү кылып алышыптыр деп. Министр отставкага элден кечирим сурап кетүүсү керек. Эгерде баягы күнкү эл алдында сүйлөгөн сөзү, пресса айтып жаткандай адамдардын өлүмүнө алып келсе, сот алдында жооп берүүсүн күтөбүз.

Ал эми казино боюнча...  Биздин жарандар ал жерге кирип ойной албаган соң, бизге эч кандай зыяны жок деп эсептейм. Ал эми мамлекеттибизге пайдасы зор экени талашсыз. Чынын айтсак, казино оюнуна кызыккан биздин акчасы аз жарандар Алматынын жанындагы Капчыгайга барып кумарын кандырып келип жүрүшөт. Ал эми акчасы алардан көптөр Макао, Америкага чейин учуп жүрүшөт, аны деле билебиз. Бийликтин бул чечиминен мен зыяндуу эч нерсе көргөн жокмун.

Ал эми бул жоругуңар арам деп кыйкырып аткандарга... Сойкулукту жоюп албайлыбы өлкөбүздөн, ушул жөнүндө да бир кыйкырып койбойсуздарбы. Сойкулардын көптүгүнөн алар сыртка чыгып, Түркия, Россия, өзгөчө Москванын сойку базарларын басып алган деген маалыматтар жүрөт. Изилдегич журналисттер ушул көйгөйдү изилдеп, элге ачыктаса болот эле", - деп жазды ырчы Бек Борбиев соцтармактагы баракчасына.