Бүгүн президент Садыр Жапаров энергетиктерге кайрылуу жолдоп, электр энергиясына болгон бааны кайра карап чыгууну сунуштады. Буга чейин кыргызстандыктар электр энергиясын колдонууга акыны 700 кВтка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 см 16 тыйындан төлөп келишкен. 

Эми президенттин сунуштамасына ылайык, тариф калктын ар кайсы катмарына ар башкача коюлушу мүмкүн. Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын, алыскы жана тоолуу аймактардын жашоо-шарты оор тургундары үчүн 1 сом 4 тыйын, жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйын кылуу айтылган. Ошол эле убакта "жашоосу Кудайга шүгүр" үй-бүлөлөр кышкысын 100 кВттан ашык пайдаланса 1 кВт үчүн 2 сом 29 тыйындан төлөшү керектигин белгилеген. 

Мындан улам, соцтармактардын колдонуучулары "Кудайга шүгүр жашоодогуларга" кимдер кирээрин билбей баштарын катырышууда. Айрымдар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир айда 5600 сомго кенен жашоого мүмкүн экендигин айтышканын эстешип, бир болсо айына  5600 сомдон өйдө киреше тапкандын баары кышкысын электр энергиясы үчүн 2 сом 29 тыйындан төлөп калаарын белгилешүүдө. Андай болсо, Кыргызстандын калкынын дээрлик 80-90 пайызы "Кудайга шүгүр жашоонун" ээлери болуп чыгышаары анык. 

Эске салсак, Садыр Жапаров президенттик шайлоонун алдында элге электр энергиясына болгон тарифти ылдыйлатууга жана чектөөнү алып салууга убада берген. Ал бул аракеттер май айынан баштап жүзөгө ашырылаарын да белгилеген.