Өткөн жылы ар кандай кылмыштарга айыпталган 172 жаран сот тарабынан акталган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогон 16 жооптуу кызматкер жоопкерчиликке тартылды. Биз жасалма кылмыш иштерин козгогон, анын айынан жарандарды мыйзамсыз жоопко тарткан тергөөчүлөр менен прокурорлорду жазалашыбыз керек", - деди Зулушев. 

 Депутат Кенжебек Бокоев баш прокурордун айтканына кошулуп, саясий заказдарды аткарган тергөөчү, прокурорлорго жоопкерчилик кароо керектигине токтолду: 

"Канча депутаттар саясий заказдын айынан жоопко тартылды. Заказ аткаргандар системада иштебеши керек. Болбосо биз саясий кылмыш иштеринен кутула албайбыз", - деди депутат.