Президент Садыр Жапаров, бүгүн 21-апрелде, энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысы электр энергиясына болгон тариф маселесин талкуулоо учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу боюнча сунушу бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда социалдык камсыздоо мекемелери 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте кошумча тактоо иштерин жүргүзсө, бул тизме кеңейиши мүмкүн.

Садыр Жапаров ошондой эле чектөөлөрдү алып салып, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экенин кошумчалады.

Бирок, Президенттин белгилешинче, суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы.

“Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Бүгүн суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушундай кылганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, - деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана алыскы тоолуу райондордо жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төмөнкү тарифтик көрсөткүчтөр сунушталып жатканын айтты.

«Мындан ары биз бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн артыкчылыктуу болушуна көбүрөөк көңүл бурабыз», - деп айтты Президент Садыр Жапаров.