Бишкек шаардык прокуратурасы 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча текшерүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Анын жыйынтыгы менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кызматтык милдеттерин так аткарып же аткарбагандыгына ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында КЖБРга Жазык кодексинин 331-беренесинин (Шалаакылык) 2-бѳлүмү менен сотко чейинки ѳндүрүш иши катталды.
Тергѳѳ ишин УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жүргүзөт.
Булак: Баракелде