Коомчулукта жол эрежесин бузган айдоочуларга салынчу айып пулдардын өлчөмүн азайтуу маселеси талкууга алынды. Айып пулдардын суммасын төмөндөтүүнүн зарылчыгы барбы? Же бүгүн кандай болсо ошо бойдон калышы керекпи?
Бул боюнча коомчулукта кайчы пикирлер орун алды. Бирлери азайтуунун кереги жоктугун, анда жол эрежесин бузуу фактылары көбөйөрүн айтса, экинчилери азайтуу керектигин, чоң өлчөмдөгү айып пулдар айдоочуларды кыйнап коюп атканын айтышууда.
Албетте, айып пулдардын өлчөмүнүн көптүгү өз натыйжасын берди. Жол эрежесин бузгандар азайып, айдоочулар эрежелерди сактап калышты. Ошону менен бирге мурдагыдай айып пулдар МАИчилердин капчыктарын калыңдатпай, мамлекеттин бюджетине түшүрүлө баштады. Бирок «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылбай, көчөлөрдөгү видео байкоочу камералардын жетишсиздиги дале болсо жол коопсуздугун камсыз кылууда күткөндөй натыйжасын бере элек. Мындай шартта эмне кылуу керек?
Айып пулдардын өлчөмүн бүгүнкү бойдон калтырып койсо деле болот эле. Бирок өлкөдөгү экономикалык, социалдык оор абал, кымбатчылык, элдин жашоо деңгээлинин начарлоосу бул маселени карап чыгууга аргасыз кылууда. Бүгүнкү шартта айып пулдардын бардык түрлөрүнүн өлчөмдөрү азайтылса туура эле болот. Ошол эле мезгилде “Коопсуз шаар” долбоору Бишкек жана ири шаарларда эле эмес, өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылып аягына чыгарылуусу абзел. Ансыз жол эрежесин сактабагандыктан жол кырсыктарынын саны өсүп кетиши мүмкүн.
Булак: “Майдан. kg” гезити