Бишкек мэриясынан кабарлашкандай мындай чечим 6-апрелде эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Окуунун мындай тартиби борбордо эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал курч, акыркы жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония оорулары көбөйдү.
Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тартып иштебейт. Азыркы тапта шаарда санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъекттер боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлгөн
Булак: Элгезит