Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы, кыскартып айтканда профсоюзу үч жылдан бери туруктуулукка жетише албай келүүдө. Утур утуру менен андагы чыр коомчулукка жарыя болуп, бирок кырдаалды жөнгө келтирүү, аракеттерди мыйзам чегине салууну эч бир тийиштүү кызматтар колго алыша элек. Профсоюздун эмгек жамааты экиге бөлүнүп, өлкөнүн катардагы кызматкер калкынын укугун коргой турган мекеменин өзүнүн  кызматкерлеринин укугу корголбой калды. Мындай дегенибиздин себеби, өткөн жылдын 25-декабрында аталган мекеменин жамааты эки башка жерде эки съезд өткөрүп, бири Сагынбек Бозгунбаевди жетекчиликке шайласа, экинчиси Мирбек Асанакуновду ордунда калтырышкан. Адилет министрлиги биринчи топтун съездин мыйзамдуу деп тааныган жана каттоого алган. А бирок мыйзамдуу тарап четте калып, мыйзамсыздыктын арааны жүргөн да озунган асанакуновчулар профсоюз имаратына ээлик кылып алышкан. Учурда мыйзамдуу тарап имараттан сырт иштөөгө аргасыз болсо, мыйзамсыз тарап мекемени ээлеп, тийиштүү документтерди басып отурушат.

Үч жылдан бери токтобой келаткан чыр боюнча Кыргызстан Токой чарба кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Канатбек Осмонов жана Кыргыз курорт туризм башкармалыгынын жетекчиси Чынара Токобаева айтып беришти.

- Эмне себептен эмгекчилердин укугун коргоочу орган болгон Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясындагы чыр токтобой келет. Буга качан чекит коюлат? Талаштын себеби эмнеде?

К.Осмонов: -Ачык айтыш керек, Мирбек Асанакунов 2017-жылы профсоюздун төрагалыгына келгенде эле чатактын баары башталды. “Бисмилла” деп атка мингенде эле кыйшык минип, ишмердүүлүгүн алдамчылыктан баштаганын айта кетпесек болбойт. Эмгек жолун карап көрсөк, ушул убакка чейин кайсы жерде иштеген болсо, баарында тең чыр коштогон экен. Анан ушундай адамдын өзгөртөм, жакшы кылам дегенине кантип ишенүүгө болот? Анын айынан ушул жагдайга туш болдук. Профсоюздун милдети эмгекчилдердин укугун коргоо эмеспи, а биз экиге бөлүнүп, чырдын аягына чыга албай жатабыз. Бирок өлкөбүздө акыйкаттык бар, мыйзам иштейт, бул талашка да чекит коюла турган күн келет, баштапкы калыбыбызга түшүп, негизги милдетибизди аткара баштайбыз деген үмүтүбүздү жогото элекпиз.

 - Алдамчылык менен келген дедиңиз, ошону тактай  кетсеңиз?

- Кыргызстан профсоюзунун негизги иштеген документи - устав. Анда так жазылган норма бар - төрага болом деген киши беш жылдан кем эмес шайланган профсоюз кызматында иштеши керек деп. Асанакуновдун ал жаатта бир күндүк да тажрыйбасы жок экен. Бирок кызматка келгенде жасалма документ менен келиптир. Анысы кийинчерээк ачыкка чыгып калды. Бул боюнча ага кылмыш иши да козголгон, тилекке каршы аягына чыкпады.

- Жасалма документ менен келгени ачыкка чыккандан кийин эмгек жамааты кабыл албай баштадыбы? Же ага чейин эле кабыл албай койгон беле?

- Ал кишини эмгек жамаатка вице-премьер-министр, социалдык өнүктүрүү министринин орун басары тааныштырган. Алар айтып жатышкандан кийин документтин чындыгына эч кимде шектенүү жаралган эмес. Бирок көп узабай ачыкка чыкты.

- Профсоюзда жең ичинен жеке тараптарга мүлктөр берилип, коррупция гүлдөп кеткен деген маалыматтар кеңири тарады. Бул боюнча сот процесси да болуп жаткан, ал кандай аяктады? Сиздерге каршы айтылган маалыматтардын канчалык чындыгы бар?

Чынара Токобаева: -Укук коргоо кызматтарына жазылган арыздын негизинде сот процесси болгон. Ал боюнча комиссия да түзүлгөн. Ачыгын айтайын, менде эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Менин үстүмдөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына, дагы башка кызматтарга да кайрылышты, мыйзамсыздыкка барбагандыгымдан эч нерсе таба алышкан жок. Профсоюздун карамагындагы мүлктөр совет доорунан бери эмгекчил адамдардын байлыгы катары сакталып келатат. Алты курорту бар. Бир дагы мүлктүн бир чарчы метри да жеке тараптарга же мүчөлөрдүн үлүшүнө берилген эмес.  

- Чырдын баары мүлктөргө байланыштуу эмеспи?

- Биз тууралуу таралган маалыматтар атайын ызы-чуу чыгаруу үчүн жасалып жатат деп ойлойм. Өздөрү мүлккө кызыгып келип алышып, акырында чыгаргандары ушул. Канча адам көз артты, арасында олигархтан, аткаминерлер да бар, аттарын айтпай эле коеюн. Бакиевдин убагында да ушундай болушкан. Ызы-чуунун баары мүлктөр үчүн экени айтпаса да түшүнүктүү. Профсоюздун функциясы такыр башка, менчиктерди башкара турган тармак такыр башка. Профсоюзга келгендердин баары аны аттап, мүлккө киргизи келип эле, анын айынан ызы-чуу болуп жатабыз. Мисалы, Ысык-Көлдө канча деген менчик пансионаттар бар, өтө шарттары жакшы, бирок баасы да ошого жараша. А эгер биз, профсоюз мүлктөрдү ушул убакка чейин калкалап, сактабай, көз арткандарга алдырып жибергенибизде, жөнөкөй адамдар көл жээгинде ден соолуктарын чыңдай албай калышмак. Профсоюздун пансионат, курорттору бар үчүн карапайым эмгекчилдер наркы арзан путевка менен барышып, эс алып жатышат. Албетте, көйгөйлөр бар, сервистерди көбөйтүш керек. Биздин тармакка стабилдүүлүк орносо, мыйзамсыздыкты токтотсок, бийлик менен чогуу иштешип, инвестиция алып келип өнүктүрсөк болот.

- Жалган жалаа жапкандардын максаты эмнеде болушу мүмкүн?

К.О.: -Айласы кеткенде жалган жалаа жабышып, милицияга арыз жаза коюшуп, колума кишен салынып кеткен учурларым да болду. 2020-жылдын 5-февралында Мирбек Асанакуновду жумуштан кетиргенбиз. Андан кийин буйрутма берип, кылмыш ишин козготтурган. Сегиз айдан кийин сот кымыш белгилери жок деген жүйөө менен ишти кыскартты. Ишти алдыга жылдыруу менен эмес ушундай иштер менен гана алектенип келатат. Ал киши 3-4 жыл иштесе да ушул кезге чейин профсоюз эмне уюм, кандай милдеттерди аткараары тууралуу түшүнүгү жок.

 - Сагынбек Бозгумбаев төрага болгон тарап Адилет министрлигинен каттоодон өтсөңүздөр да имаратка кире албай, керектүү документтерге колуңуздар жетпей жатыпсыздар. Бул жагы кандай болду?

К.О.: - Бир убакта өткөн эки съезддин ичинен биз тарапты Адилет министрлиги мыйзамдуу деп тааныды. А берки топ ресторанда чардап-чордоп чогулууну съезд катары көрсөтүүгө аракеттенишкен. Имарат боюнча айтсам, 2020-жылдын 6-октябрындагы окуядан кийин бир топ башаламан иштер болуп кетпедиби. Анын шарданы менен булар да федерациянын имаратын басып алышкан. Профсоюзка такыр тиешеси жок адамдар менен.  Мыйзамдуу тарапка кол көтөрүп, бир эжекебизди инфарктка жеткиришти, дагы бирөөнүн эки кабыргасын сындырышты. Уккан адам ишенбеши мүмкүн. Адилет министрлигине барышып, “Эмнеге Асанакуновдун төрагалыгын тааныбайсыңар?!” – деп айнек-эшигин талкалашып,  чуу чыгарышкан. Милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен гана тынчышкан. 6-октябрдан бери көп убакыт өттү, өлкөбүз мыйзам талаасына түштү, бирок профсоюздун имараты баскынчылардан бошотула элек. Мен президентке, укук коргоо кызматтарына кайрылат элем, мыйзамсыздык ишти ыргактуу жүргүзүүгө тоскоолдук жаратууда, ушул маселени чечип, мыйзам чегине келтирип берсеңиздер.

Ч.Т.: -Мен да кошумчалай кетейин, профсоюз чоң коомдук мекеме болгондуктан, ага ар бир адам, мейли ал мүчөсү болобу же кызматкерби киргенге укуктуу. Мени киргизишкен жок. Милиция кызматкерлерин чакырсам келишпеди, анан арыз жаздык “рейдерлик басып алуу” деп. Бир жолу эмес, көп жолу. Урматтуу, президент Садыр Нургожоевич, өлкөбүздүн башына түшкөн сыноодо биз эч кандай кескин аракеттерге барган жокпуз. Башка өлкөлөргө уят болбой, мыйзам талаасына кирели деген ниет менен президенттик шайлоо өттү. Биз деле митингге чыгып, укугубузду коргосок болмок. Бирок бийлик күчтөнүп алсын деп тынчтыкты кармап турдук. Мыйзам баарыбызга бирдей, ага баарыбыз баш ийишибиз керек. Мыйзам – бийликтин күчтүүлүгүнөн кабар берет. ИИМ министрине, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына да кайрылат элем, бул маселени сиздер эле чечип койсоңуздар болмок. Профсоюзду мыйзам чегинде көзөмөлгө алып койсоңуздар, баары ордуна келмек.

- Мыйзамдуу тарапты имаратка киргизбей кайтарып отургандардын максаты эмне?

К.О.: - Ал жерде отургандардын, кире бериште эшик тоскондордун профсоюзга эч кандай тиешеси жок. Аларды өлкөнүн ар кайсы жагынан алып келишип, эки-үч айдан бери жатакана, тамак-аш менен камсыздашып, кайтартып отурушат. Максаттары – биз тажап барбай калганыбызда Асанакуновду төрагалыкка бекитүү.

***

Мына ушундай, өлкөнүн эмгекчилдеринин укугун коргоого багытталган башкы мекеменин бүгүнкү күндөгү абалы. Ага удаа Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети  Кыргызстандагы профсоюздар тууралуу мыйзамды карап баштады. Эксперттердин айтымында, бул мыйзам эмгек пенсионерлердин, эмгек ардагерлеринин, аскердик жана аскерден кийинки жылдардын эмгекчилерин профсоюзга мүчө болууга тыюу салат. Мыйзам долбоорунун өтүп кетишине Мирбек Асанакуновдун жубайы, депутат Г.Молдобекова жан үрөп жатканын белгилей кетели.

Теманы кийинки санда улантабыз...

Аэлита Сатындиева, Булак: "Майдан. kg" гезити