Кыргызстандын аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү муфтияттан ажылык сапардын каржы маселелерин кароо милдетин алууну сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандагы Ислам университетинин ретору жана аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев билдирди. 

"Аалымдар кеңешинин жакында болгон жыйынында мүчөлөр тарабынан муфтияттын ажылык сапарга байланыштуу каржы маселесин кароо милдетин алуу сунушу жолдонду. Ал милдет ортомчулукту аткарган кайсы бир жеке уюмдарга берилиши керек же каржы маселеси менен алектенген департамент түзүү керек деген ой айтылды. Сунуш азырынча каралып жатат, бул функцияны өткөрүп берүүнүн ар кандай варианттары жаралышы ыктымал", - деди ал. 

Айтымында, мындай кылуу муфтий кайсы бир каржы маселелерине жана талаш-тартышка аралашпай, руханий лидер катары калуусу үчүн керек. Акча үчүн жаңжалдардын жаралуусу диндин кадыр-баркын түшүрөт.